Журналисттер үчүн пресс-анонс

15 ноября 2024

2024-жылдын 16-ноябрында саат 10:00дө Hyatt Regency Bishkek мейманканасында («Shayr») залында ) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрүнө арналган эл аралык байкоочулар үчүн презентация болот.

Иш-чарада шайлоону уюштуруунун негизги аспектилери, анын ичинде добуш берүүгө мониторинг жүргүзүү, добуштарды саноо жана Коомдук мониторинг борборунун иши көрсөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин айкындуулугун камсыз кылуу үчүн эл аралык эксперттердин жигердүү катышуусуна кызыкдар жана алардын миссиясын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бардык зарыл колдоо көрсөтүүгө даяр.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн аталган иш-чараны чагылдырууга чакырат.