Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы республикалык жана облустук телеканалдарда теледебаттарды ѳткѳрүүнүн графиги тууралуу маалымдайт
11 ноября 2024
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик телекөрсөтүү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо саясий партияларга бекер эфир убактысын берүүгө милдеттүү. Бул убакыт иш күндөрү кечки саат 20:00дөн 24:00гө чейин кеминде бир саатка бөлүнөт.
Бул убакыттын жарымын биргелешкен дебаттарга бөлүү керек, анда бардык партиялар бирдей шартта катыша алат.
Дебат төмөнкүлөрдү ѳзүнѳ камтыйт:
1. Партиянын программасын презентациялоо.
2. Алдын ала даярдалган жана түз эфирде ачылып жарыя кылынган суроолорго жооптор.
3. Катышуучулардын бири-бирине суроолору.
4. Шайлоочуларга кайрылуу.
КР БШК «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону ѳткѳрүүдѳ шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык дебаттар эки же андан ашык талапкерлердин, саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесиндеги талапкерлердин ар кандай социалдык маанилүү маселелер, анын ичинде жарыяланган шайлоо программаларына тийиштүү маселелер боюнча ачык пикир алмашуулары болуп саналат. Алып баруучу катышуучулар менен мурда макулдашылган тартипти сактоого, дебаттын жүрүшүнө кийлигишпөөгө жана эч кимге артыкчылык бербөөгө милдеттүү. Катышуучулар эрежелерди сактоого, мазактоого жана жалган билдирүүлөргө жол бербестен этикалык нормалардын алкагында талкуу жүргүзүүсү керек. Тартипти бузууга, башкалардын оюнун үзгүлтүккө учуратууга же комментарий берүүгө тыюу салынат.
УТРКда Бишкек шаардык кеңешине саясий партияларынын теледебаттарынын графиги:
Датасы: 14 ноябрь, Бишкек ш.
Убактысы: 22:15
- «Жаңы күч — Новая сила»
- «Эл Үмүтү»
- «Эмгек»
- «Улуу-Журт
Датасы: 15 ноябрь, Бишкек ш.
Убактысы: 22:15
- «Ынтымак»
- «Адилет»
- «Социал-демократтар»
“Ош” УТРКда Ош шаардык кеңешине саясий партияларынын теледебаттарынын графиги:
Датасы: 14 ноябрь, Ош ш.
Убактысы: 20:30
- «Жаңы Кыргызстан»
- «Ынтымак»
- «Мурас»
- «Милдет»
- «Бир Бол»
“Жалал-Абад” УТРКда Жалал-Абад шаардык кеңешине саясий партияларынын теледебаттарынын графиги:
Датасы: 15 ноябрь, Жалал-Абад ш.
Убактысы: 20:30
- «Жаңы Кыргызстан»
- «Эмгек»
- «Адилет»
«Нарын» УТРКда Нарын шаардык кеңешине саясий партияларынын теледебаттарынын графиги:
Датасы: 14 ноябрь, Нарын ш.
Убактысы: 21:00
- «Жаңы Кыргызстан»
- «Ынтымак»
- «Социал-демократтар»
Датасы: 15 ноябрь, Нарын ш.
Убактысы: 21:00
- «Эл Үмүтү»
- «Ишеним»
- «Адилет»
“Талас” УТРКда Талас шаардык кеңешине саясий партияларынын теледебаттарынын графиги:
Датасы: 13 ноябрь, Талас ш.
Убактысы: 19:30
- «Эл Үмүтү»
- «Аманат»
- «Социал-Демократтар»
Датасы: 14 ноябрбь, Талас ш.
Убактысы: 19:30
- «Ынтымак»
- «Бирге-Вместе»
- «Жаңы Кыргызстан»
“Чүй” УТРКда Токмок шаардык кеңешине саясий партияларынын теледебаттарынын графиги:
Датасы: 13 ноябрь, Бишкек ш.
Убактысы: 19:20
- «Адилет»
- «Жаңы Нур»
- «Ынтымак»
Датасы: 14 ноябрь, Бишкек ш.
Убактысы: 19:20
- «Ыйман Нуру»
- «Эл Биримдиги»
- «Бирге-Вместе»
Датасы: 15 ноябрь, Бишкек ш.
Убактысы: 19:20
- «Ордо»
- «Ишеним»
- «Кыргызстан Коммунистик Партиясы»
Теледебаттарды УТРК түз алып көрсөтөт. Эң маанилүү маселелер боюнча партиялардын пикирин угуп, туура чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!
