Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоо!
07 ноября 2024
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, журналисттер!
Кыргыз республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жалпы жамаатынын жана өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар —Маалымат жана басма сөз күнү, ошону менен бирге кыргыз журналисткасынын 100 жылдыгы мааракеңиздер менен чын дилибизден куттуктайбыз.
Мамлекетибиздин коомдук жана саясий турмуштагы жолунда массалык маалымат каражаттарынын ордун баалабай коюуга мүмкүн эмес. Басма сөз кызматкерлери - коомдун күзгүсү, жакшылыктар менен ийгиликтердин жана акыйкаттыктын жарчысы катары коомдук пикирди түзүүдө ар дайым негизги ролду ойноп келет.
Баарыбыздын алдыдагы максатыбыз жана милдеттерибиз - мамлекеттин демократиялык принциптерин алдыга жылдыруу, жалпы жарандык биримдикти бекемдөө жана туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү колдоо. Мына ушул багыттарда алып барып жаткан эмгегиңиздер, кесипкөйлүгүңүздөр аркылуу өлкөбүздө кеңири урмат-сыйга ээ болдуңуздар.
Сиздер менен тыгыз кызматташууну жүргүзүп, өз ишин ар-намыс менен аткарган кесипкөй адистердин талыкпас эмгеги аркасында Кыргызстандагы шайлоо системасынын өнүгүүсүн камсыздап келе жатабыз. Мындай тыгыз кызматташтыгыңыздар үчүн чоң ыраазычылгымды билдиремин.
Алдыбызда аткара турган иштерибизди жүзөгө ашырууда - кылдат ой жүгүрткөн, кырдаалга калыс баа берген жана маалыматты терең талдаган басылмалар менен биримдик жолубузду уланта беребиз.
Маалымат майданында элибиздин биримдигин туу тутуп, ынтымагыбызды арттырып, чындыктан тайбай, мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн ак эмгегиңиздерди арнап жүрө беришиңиздерге тилектешпиз.
Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай, маалымат жеткирүүдөгү маанилүү ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз!
Терең урматтоо менен,
КР БШКнын төрагасы Н.К.Шайлдабекова

