Шайлоо 2024: шаарларда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды
18 октября 2024
Бүгүнкү күндөн тартып 33 шаарда шаардык кеңештерге шайлоого карата шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды, деп билдирет Борбордук шайлоо комиссиясы.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, шайлоо алдындагы үгүт иштери жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына бардык талапкерлерди, шайлоого катышкан саясий партиялар берген талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат.
Алдыда болуучу жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышуу үчүн шаардык кеңештерге шайлоого өз талапкерлеринин 187 партиялык тизмесин кѳрсѳтүшкѳн 39 саясий партия катталды. Жалпысынан 4928 талапкер катталса, анын 3183 - эркектер, 1745и - аялдар болду, бул 35,41%ды түзѳт.
Ошентип, 2024-жылдын 18-октябрынан тартып шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлер, партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары, саясий партиялардын мүчөлөрү жана башка кызыкдар жарандар шайлоочуларды алардын талапкерлери (же талапкерлердин тизмеси) же аларга каршы добуш берүүгө шыктандырууга багытталган маалыматтарды даярдоо жана жайылтуу боюнча иш-чараларга катышууга; талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдлындагы программаларын эркин жана ар тараптуу талкуулоого укуктуу. Мында үгүт иштеринин формалары менен ыкмаларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирип жүргүзүү негизги талап болуп саналат.
Төмөнкүлөр мыйзамда шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат:
- тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;
- талапкерлердин, саясий партиялардын бирине артыкчылык берүүнү билдирүү;
- талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабоонун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндоо;
- алардын кесипкөйлүк иши же алардын өзүлөрүнүн кызматтык (кызмат ордунун) милдеттери менен байланышпаган талапкерлердин иши жөнүндө маалыматтарды таратуу.
Шайлоо өткөрүүдө үгүт төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
- жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;
- социалдык тармактар аркылуу;
- концерттерди, театрлаштырылган оюн-зоокторду, спорттук иш-чараларды өткөрүүнү кошпогондо, үгүттүк ачык иш-чараларды (митингдерди, чогулуштарды, телевизиондук дебаттарды жана башка) өткөрүү аркылуу;
- басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу, жайгаштыруу жана таркатуу жолу менен (ѳлкѳдѳн тышкары жерлерде үгүт материалдарын даярдоого тыюу салынат. Үгүт материалдарынын же алардын кѳчүрмѳлѳрүнүн нускалары БШКга берилүүгѳ тийиш);
- мыйзам менен тыюу салынбаган башка түрлөрдө.
Тѳмѳндѳгүлѳрдүн үгүт иштерин жүргүзүүгө, бардык үгүт материалдарын чыгарууга же таркатууга укугу жок:
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар;
- Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо, мамлекеттик саясий кызматтарды ээлеген адамдар;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар;
- шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү;
- байкоочулар, анын ичинде эл аралык байкоочулар;
- диний ишмерлер;
- кайрымдуулук иштерин жүргүзгөн уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү;
- 18 жашка чейинки адамдар;
- чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар;
- жарандыгы жок адамдар;
- аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлери.
Каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө талапкерлер жана аларды көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча, алардын шайлоо фонддору аркылуу гана жол берилет.
