КР БШК Ак-Суу, Токмок, Сузак, Жалал-Абад, Талас шаардык, Нарын шаардык жана Ат-Башы аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоону жарыялайт
23 сентября 2024
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – КР БШК) Ак-Суу, Токмок, Сузак, Жалал-Абад, Талас шаардык, Нарын шаардык жана Ат-Башы аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо максатында саясий партиялардан документтерди кабыл алууну жарыялайт.
Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү төмөнкүлөр боло албайт:
- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
- судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;
- талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;
- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
- терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди кѳрсѳтүү алардын уставдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Саясий партиялар талапкерлердин документтерин КР БШКга 2024-жылдын 30-сентябры саат 18:00гө чейин тапшырышат.
Шайлоо комиссияларынын резервине киргизүүгѳ берилүүчү документтердин тизмеси:
- талапкердин аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын нормаларын сактоо боюнча милдеттенмеси;
- паспорттун көчүрмөсү;
- иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен ѳмүр баян жѳнүндѳ маалымат (кадрларды эсепке алуу баракчасы же резюме);
- байланыш маалыматтары: жашаган дареги, телефон номерлери;
- көрсөткѳн субъекттин протоколу.
Көрсөтүүчү субъект шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө талапкерлер, эреже катары, тиешелүү калктуу конуштун аймагында жашоого тийиш экендигин эске алуусу зарыл.
Керектүү документтердин үлгүлөрү: арыз, саясий партиянын протоколу
Сурап билүү телефону: (0312) 66-01-16
Эскертүү: “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктуна ылайык, аймактык шайлоо комиссиясынын курамында ар бир саясый партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн б.а. тиешелүү АШКнын курамында турган саясый партиялар (КР БШКнын расмий сайтынан караңыз) ал АШКнын резервине документтерди тапшырбайт.
