Урматтуу шайлоочулар! Шайлоо участкалары саат 20:00гө чейин иштейт.

22 сентября 2024

No 13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутатты шайлоого бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын 1000ден ашык мүчөлөрү катышууда:

- Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 12 мүчөсү

- Сузак райондук шайлоо комиссиясынын 12 мүчөсү

- 81 участкалык шайлоо комиссияларынын 1004 мүчөсү.

Шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруучу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуучу коллегиалдуу органдар болуп саналат.

Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү мыйзам чегинде шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча зарыл билимге жана көндүмгө ээ. Алар шайлоо участогуна келген ар бир шайлоочуга колдоо көрсөтүп, жардам көрсөтүүгө даяр.

Шайлоо участкалары бардык зарыл болгон добуш берүү жабдуулары жана маалыматтык материалдар менен жабдылган. Шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн максималдуу шарттар түзүлдү.

Шайлоо комиссиялары ар бир шайлоочуну шайлоого активдүү катышууга чакырат.

Жарандык мамилеңизди көрсөтүңүз - добуш бериңиз! Өз округуңуздан өлкөнүн парламентине татыктуу депутатты тандаңыз. Сиздин добушуңуз маанилүү!

Шайлоо участкалары  саат 20:00гө чейин ачык.