№13 Сузак шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо боюнча добуш берүү башталды

22 сентября 2024

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2024-жылдын
22-сентябрына дайындалган №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдайт:

Бүгүн үч бир мандаттуу шайлоо округдарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары шайланат, алардын шайлоосу 2021-жылдагы шайлоодо колдонулган эрежелер боюнча өткөрүлөт.

Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын эң көп добушун алган талапкер Жогорку Кеңештин шайланган депутаты болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү үчүн №13 шайлоо округунда 81 шайлоо участогу ачылып, 12 округдук шайлоо комиссиясы жана 1004 участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тартылган.

Саат 08.00дон кечки саат 20.00гө чейин добуш берүү улантылат.

№13 шайлоо округу боюнча биротоло шайлоочулардын тизмесине
124 429 шайлоочу киргизилген.

Бүгүнкү күндө шайлоочулардын саны 2021-жылга (111 510 шайлоочу) салыштырмалуу  12 919 шайлоочуга өсүп 11,59% түздү.

№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоого 7 талапкер катышууда (6 эркек, 1 аял).

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер, алардын программалары жана шайлоо фонддорунун кыймылы тууралуу маалыматты «Талапкер» маалымат ресурсунда (БШКнын schailoo.gov.kg сайтында ) жана шайлоо участкаларында илинген плакаттарында тааныша аласыздар.

Жалпысынан 124 488 шайлоо бюллетендери даярдалган. Добуш берүү бюллетендери кыргыз, орус тилдеринде жана көрүүсү начар жарандардын добуш берүүсү үчүн Брайл арибинде даярдалган

Ошондой эле, байланыш маалыматы да берилген, анда сиз кандайдыр бир суроолоруңуз болсо кайрыла аласыз. Өзүңүздүн шайлоо участканын дарегин 1255 же 119 номерине чалуу менен тактасаңыз же болбосо паспорттогу жеке идентификациялык номерди көрсөтүү менен 119 номерине акысыз СМС жиберүү аркылуу тактасаңыз болот.

Талапкерлердин үгүт өнөктүгүн чагылдыруу үчүн 9 жалпыга маалымдоо каражаттары жана 1 интернет-басылма аккредитацияланган.

Шайлоочулардын тизмеси жөнүндө маалыматты «Тизме» мамлекеттик порталынан таанышсаңыздар болот, ошондой эле өзүңдүн шайлоо участогуңдун дарегин 1255 же 119 номерине чалуу менен тактасаңыз же болбосо паспорттогу жеке идентификациялык номерди көрсөтүү менен 119 номерине акысыз СМС жиберүү аркылуу тактасаңыз болот.

Шайлоо алдындагы үгүт иштеринин алкагында №13 Сузак, округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушууларын 2024 жылдын 9-17 сентябрында өткөрүшкөн.

2024-жылдын 19-20-сентябрында «УТРК Жалал-Абад ТВ» телеканалында №13 бир мандаттуу Сузак округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин дебаттары өткөн. Дебат түз эфирде көрсөтүлдү.

Мыйзамдуулукту жана жарандардын укугун коргоону камсыз кылуу үчүн курамына шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирген ыкчам чара көрүү координациялык тобу түзүлгөн.

БШК Ыкчам чара көрүү тобу шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна туруктуу мониторинг жүргүзүп келет жана кабыл алынган чаралар жөнүндө токтоосуз маалымдайт.

Эгерде Сиз бузууларга күбө болсоңуз 1255 номери боюнча, 0(312) 660240-ишеним телефону боюнча, WhatsApр – 0(707)011255; 0(221)851255 боюнча кайрылсаңыз болот.

БШКсы Сузак шайлоо округунун жарандарын добуш берүүгө катышууга, жарандык позициясын билдирүүгө жана өлкөнүн улуттук парламентине өз округунан татыктуу талапкерди тандоого чакырат.