№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунун шайлоочулары шайлоо жөнүндө жеке билдирүүлөрдү алышат
19 сентября 2024
Жарандардын шайлоого катышуусу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле аларды маалымдоо максатында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 2024-жылдын 22-сентябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө билдирме даярдап, шайлоочуларга жѳнѳтүүдѳ.
Билдирмелер ар бир шайлоочуга добуш берүү күнү, шайлоо участогунун номери жана дареги, ошондой эле тиешелүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси жөнүндө маалымдайт. Ошондой эле суроолор жаралган учурда каякка кайрылуу тууралуу байланыш маалыматы да берилген.
Билдирүүлөрдү берүү учурунда участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү 2024-жылдын 22-сентябрына дайындалган №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү, добуш берүүнүн тартиби жөнүндө, Сузак районунан улуттук парламентке татыктуу депутатты шайлоо үчүн жарандардын шайлоого катышуусунун маанилүүлүгү тууралуу маалымат алышат. Иш-чарага 81 участкалык шайлоо комиссиясынын 1004 мүчөсү катышты.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочуларды шайлоого активдүү катышып, жарандык позициясын билдирүүгө чакырат.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоочулардын акыркы тизмесине бардыгы болуп 124 миң 429 шайлоочу киргизилген, ага ылайык, шайлоочуларга 124 миң 429 билдирүү даярдалып, жөнөтүлгөн.















