КР БШК А.А. Айдосов № 5 Ноокат шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары катталды
29 мая 2024
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2024-жылдын 29-майындагы жыйынында Айдосов Айболот Абдурахмановичди Ноокат №5 шайлоо округу боюнча боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Талапкерге атайы үлгүдөгү күбөлүк тапшырылды.
Чечим талапкерлер, саясий партиялар тарабынан 2024-жылдын 29-майындагы шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун корутундусунун негизинде кабыл алынды. Талапкер мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берет.
29-майга карата №5 Ноокат шайлоо округу боюнча 17 кандидат талапкерлигин көрсөттү, 3 каттоодон өттү.
