Бишкек АШКнын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдарга жана саясий партияларга КАЙРЫЛУУСУ

24 мая 2024

2024-жылдын 30-июнунда №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалгандыгына байланыштуу № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунун УШКсынын резервин толуктоо зарылчылыгы келип чыкты. Ушуга байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүн жана саясий партиялардын өкүлдөрүн УШКнын резервине көрсөтүүнү жарыялайт. Мыйзамга ылайык, УШКлардын курамынын жарымысы саясий партиялардын өкүлдөрүнѳн жарымынан жана жарымысы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнѳн түзүлөт. УШКлар шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруучу, жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуучу коллегиалдуу орган болуп саналат. УШКнын курамындагы иш жоопкерчиликтүү жана шайлоо мыйзамдарына ылайык так жүргүзүлөт.

УШКнын резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын өздөрүнүн макулдугун, алардын ишке даярдыгынын деңгээлин, шайлоо комиссияларынын курамына катышуу тажрыйбасын эске алуу зарыл. Талапкерлерди көрсөткѳн субъекттер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө кѳрсѳтүлгѳн талапкердин, эреже катары, тиешелүү конуштун аймагында жашоого тийиш экендигин эске алуусу зарыл.

Жарандардын жана коомдук бирикмелердин чогулуштарынан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдору чогулуштун төрагасынын жана катчысынын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Протоколго жыйналыштын катышуучуларынын жашаган жери көрсөтүлүп, алардын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн тизмеси тиркелүүсү зарыл.

Жогорудагы документтерге тѳмѳндѳгүлѳр тиркелет:

- талапкердин УШКнын курамында иштөөгө макулдугу жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын нормаларын сактоого милдеттенмеси жөнүндө арызы;

- паспорттун көчүрмөсү;

- иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен ѳмүр баян маалыматы (кадрларды эсепке алуу баракчасы же резюме);

- байланыш маалыматы: жашаган жеринин дареги, телефон номерлери.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренсине ылайык, тѳмѳндѳгүлѳр УШКнын мүчөсү боло албайт:

- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;

- судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;

- талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү;

- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;

- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;

- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;

- терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.

 

Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын жана коомдук уюмдардын чогулуштарынан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор Бишкек шаардык кеңешинде 2024-жылдын 31-майында саат 18.00гө чейин кабыл алынат.

Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2024-жылдын 31-майында саат 18.00гө чейин Бишкек АШКсында кабыл алынат.

 

           Керектүү документтердин үлгүлөрү: арыз, саясий партиянын протоколу, жарандардын чогулушунун протоколу
 

 

 

Маалымат үчүн телефондор: Бишкек шаардык кеңеши: 0312 61 03 34

Бишкек АШК: 0312 38 24 26