ЖАРАНДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: Аламүдүн районундагы мектептердин 30 окуучусу мамлекеттик башкаруунун негиздери жана шайлоо процесстери боюнча эки күндүк тренингден өтүштү

21 мая 2024

18-19-май күндөрү Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБШТБ) IDEA CA менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен жарандык билим берүүнүн алкагында орто мектептердеги кыздар үчүн мамлекеттик түзүлүштүн жана шайлоо процессинин негиздер боюнча эки күндүк тренинг өткөрүштү.

Иш-чарага Аламүдүн районунун орто мектептеринен 30 окуучусу катышты.

Тренингдин биринчи күнү адам жана жарандык укуктарды, лидерлик сапаттарды жана жаштардын саясий процесстерге катышуусун, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик түзүлүштүн негиздерин талкуулоого арналды.

IDEA CA өкүлдөрү А.Русланова жана А.Ибраев катышуучулардын алдында чыгып сүйлөп, аларды адам укуктарынын контекстинде аялдардын лидерлигинин негиздери менен тааныштырып, дебат технологияларын тартуулашты.

Экинчи күн толугу менен шайлоо маселелерине жана шайлоо процессине арналды. Машыктыруучу К.Мамытова учурдагы шайлоо системасы жана шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.

КР БШКнын төрагасы Н.К. Шайлдабекова өз сөзүндө шайлоо процессинде кыздардын, жаш аялдардын жана аялдардын маанилүү ролун баса белгиледи. Ал белгилегендей, азыркы мыйзамдарда аялдардын жергиликтүү кеңештерге жана Жогорку Кеңештин депутаты болууга мүмкүндүк берген атайын механизмдер каралган. Н. Шайлдабекова ошондой эле аялдар ѳздѳрүнүн табигый сапаттары жана менталитетинин аркасында өз ара түшүнүшүүгө, тынчтыкка жана туруктуулукка жетишүүдѳ даанышман жана тынчтык орнотуучу экенин баса белгиледи. Ал аялдар үй-бүлөлүк мамилесин мамлекеттик деңгээлде алып чыга алса, өлкө гүлдөп өнүгөт деген ишенимин билдирди. Тѳрага катышучуларды ишенимдүү, активдүү жвана сезимтал болууга жана ѳз жолунда кыйынчылыктардан тайманбай ѳтѳ билүүгѳ чакырды.

Тренингге чакырылган конок катары КР Жогорку Кеңешинин эксперти, «Тандем» юридикалык коомчулугунун директору Т.Эргешбаева сөз сүйлөп, аялдардын саясаттагы ролунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, мамлекеттик түзүлүш, анын структурасы жана функциялары жѳнүндѳ баяндап берди. Ал өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, өлкөнүн саясий турмушуна ийгиликтүү катышуу боюнча кеңештерин берди. Катышуучулар ага көптөгөн суроолорду беришти жана ынанымдуу жоопторду алышты, ал кыздарды активдүү болууга, жергиликтүү коомчулуктун, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошууга чакырды.

  • программасы бай жана кызыктуу ѳттү. Катышуучуларга мамлекеттик башкаруу системасы, адам жана жарандык укуктар жөнүндө билимдерден тышкары, шайлоонун ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылган шайлоо технологияларынын иштеши, ошондой эле добуш берүү жол-жоболорунун модели кѳрсѳтүлдү.

Кыздар ойдон чыгарылган мамлекетте шайлануучу кызматтарга өздөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Талапкерлер Имирджанова Илзира, Алиева Айдана, Алимова Аэлита, Темирова Файза жана Розиева Назгум шайлоо алдындагы программаларын даярдашып, үгүт иштерин жүргүзүштү. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча талапкер Темирова Файза кыйла кѳп добуш менен жеңишке жетти.

Тренингдин эки күнү тең интерактивдүү форматта өтүп, ар кандай оюндарды жана талкууларды камтыды.

Тренингдин негизги максаты кыздардын бийлик жана шайлоо процесстери тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле алардын лидерлик жөндөмүн өнүктүрүү болду.

Иш-чаранын соңунда катышуучуларга сертификаттар жана эстелик сыйлыктар тапшырылды, бул бай жана пайдалуу программанын жагымдуу аякташы болду.