Үч округ боюнча орун-жайдан тышкары 606 шайлоочу добуш берди
27 апреля 2024
Үч округ боюнча орун-жайдан тышкары 606 шайлоочу добуш берди
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо орун-жайдан тышкары добуш берүү мүмкүндүгүн түзүп берүү өтүнүчү менен 687 шайллочудан арыз түшкөн: №2 Баткен шайлоо округу боюнча – 31, №7 Ош шайлоо округу боюнча - 488, №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча – 168.
№2 Баткен шайлоо округунда – 29 (93,55 %) шайлоочу добуш берди, алардын ичинен:
- улгайгандыгына байланыштуу - 14;
- майыптыгы барлар - 8;
- ооруп жаткандыгына байланыштуу – 7.
Добуш берүүгө катышкан жок - 2 шайлоочу;
№7 Ош шайлоо округунда – 419 (85,86 %) шайлоочу добуш берди, алардын ичинен:
- улгайгандыгына байланыштуу - 159;
- майыптыгы барлар - 166;
- ооруп жаткандыгына байланыштуу –88;
- башка категорияларга киргендер – 6;
Добуш берүүгө катышкан жок - 69 шайлоочу.
№9 Кара-Суу шайлоо округунда – 158 (94,05 %) шайлоочу добуш берди, алардын ичинен:
- улгайгандыгына байланыштуу - 69;
- майыптыгы барлар - 38;
- ооруп жаткандыгына байланыштуу – 51.
Добуш берүүгө катышкан жок - 10 шайлоочу.
Маалымат үчүн: “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу шайлоочулар добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албагандыктан алар добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүүгө укуктуу.
