КР БШКнын 2024-жылы 26-апрелинде өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

26 апреля 2024

Өткөрүү датасы: 2024-ж. 26-апрели

Убактысы: 16-00.

Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы

 

1. А.К.Мадумаровго карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2024-жылдын 26-мартындагы ѳкүмү жөнүндө;

(баяндамачы Таалайбеков М.Т., Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)

 

2. 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган №2 Баткен бир мандатуу шайлоо округу, №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу жана №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо байкоо жүргүзүүгө ниеттенген “Жалпы иш” Коомдук фондунун билдирмеси жана коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө

(баяндамачы Таалайбеков М.Т., Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)

 

3. 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча жана № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоонун жүрүшүндөгү укук бузуулар боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу арыздарды жана даттанууларды кароо, маалыматтоо жана үгүт эрежелеринин маселелери боюнча Жумушчу топтун маалыматы;

(баяндамачы Таалайбеков М.Т., Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)

 

4. 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча жана № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоого даярдануунун журушундо шайлоо мыйзамдарын бузулгандыгы тууралуу КР ЖКК маалыматы

(баяндамачы Исмаилова Ч.С. ,координациялык топтун жетекчиси)

 

5. Ар кандай маселелер.