№ 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды
13 марта 2024
2024-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды.
№9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн өзү көрсөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Орунбаев Турдубек Дуйшоновичтин ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттоо жѳнүндѳ 2024-жылдын 13-мартындагы арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй чечим кабыл алды:
1. №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп көрсөтүлгөн Орунбаев Турдубек Дуйшоновичтин шайлоо боюнча - Жусупов Роман Кубанычбекович; каржы маселелери боюнча - Абдивалиев Кадырбек Орунбаевич ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын.
2. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилсин.
КР БШК маалымат бѳлүмү
