ААР алкагында шаардык кеңештердин сессиялары өткөрүлүүдө
12 марта 2024
Кыргыз Республикасындагы административдик-аймактык реформанын алкагында 10 шаардык кеңештин сессиялары жаңы форматта – кошулган айылдык кеңештердин депутаттарынын катышуусу менен өткөрүлдү.
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы No 370 Жарлыгы менен 13 шаардын: республикалык маанидеги 2 шаардын, 6 облустук жана 5 райондук административдик аймактардын чек араларын өзгөртүү жана ирилештирүү каралган.
Шаардык кеңештердин сессиялары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген «Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобого» ылайык өткөрүлөт.
Убактылуу жобонун 3 жана 8-пункттарына ылайык: - «Айылдык аймак/айылдык аймактар жана/же айрым калктуу конуштар шаарга кошулганда айылдык кеңештин ыйгарым укуктары токтотулат; шаардык кеңештин статусу өзгөрбөйт; жана шаардык кеңештин төрагасы кайра шайланбайт.
Шаардык кеңеш анын курамына кирген айылдык кеңештердин укук мураскору болуп калат»;
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттары ѳздѳрү тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айылдык аймак, калктуу конуш бириккен же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ѳз ишмердигин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзам менен жөнгө салынрганга чейин сакталат».
Айыл аймактары жана айрым калктуу конуштар кошулган шаардык кеңештердин уюштуруу сессиялары кошулган айыл аймактарынын айылдык кеңештеринин депутаттарын шаардык кеңештердин курамына киргизүү менен жаңы бирдиктүү форматта өткөрүлөт.
График боюнча төмөндѳгү кеңештердин сессиялары болуп ѳттү өттү:
-
2024-жылдын 4-марты – Бишкек шаардык кеңеши;
− 2024-жылдын 5-марты – Кант, Кара-Балта шаардык кеңештери. Белгилей кетсек, ААР чегинде мурда райондук маанидеги шаарлар болгон Кант жана Кара-Балта шаарлары райондук маанидеги шаар статусуна ээ болгон;
- 2024-жылдын 6-мартында - Кара-Суу, Айдаркен жана Каракол шаардык кеңештери;
− 2024-жылдын 7-марты – Балыкчы шаардык кеңеши.
− 2024-жылдын 12-марты - Жалал-Абад, Чолпон-Ата шаары, Ысык-Көл району жана Токтогул району.
Графикке ылайык сессиялар:
- 2024-жылдын 15-мартында – Аксы районунун Кербен шаардык кеңеши;
- 2024-жылдын 19-марты – Ош шаардык кеңеши.
Белгилей кетсек, ААР алкагында өлкөнүн 14 шаарынын административдик чек аралары пилоттук режимде өзгөртүлгөн, анын ичинде:
• 2 республикалык маанидеги шаарлар - Бишкек, Ош;
• Райондук маанидеги 7 шаар: Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Балыкчы, Каракол, Кант, Кара-Балта;
• Райондук маанидеги 5 шаар: Кадамжай районундагы Айдаркен, Аксы районундагы Кербен, Токтогул районундагы Токтогул, Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата, Кара-Суу районундагы Кара-Суу.
Маалымат иретинде: Майлуу-Суу шаарында ААР алкагында жер тилкелери кошулуп, бирок калктын, шайлоочулардын жана депутаттардын саны көбөйгөн жок.
Шаар тибиндеги Шамалды-Сай шаарчасы Ноокен районундагы Шамалды-Сай шаары болуп өзгөртүлгөн, ал ААР алкагында Таш-Көмүр шаарынын курамынан чыгарылды.
БШК маалымат бѳлүмү
