КР БШК кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнү менен куттуктайт!
03 марта 2024
Урматтуу кыргызстандыктар!
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиздерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү менен куттуктайт!
Мамлекеттик желек эгемендүүлүктүн, эркиндиктин жана биримдиктин символу.
Биздин желегибиз кыргыз элинин руханий дөөлөттөрүн жана тарыхый жолун чагылдырып, Кыргызстаныбыздын жаркын келечегине ишенимди жана үмүттү арттырат.
Сиздерге бекем ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайбыз. Кыргызстанда тынчтык жана гүлдөп өнүгүү болсун!

