Иманалиев Тологон Талантбекович Ысык- Кѳл облусунун Ак-Суу районунун жаңыдан түзүлгөн Алтын Арашан айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды
21 февраля 2024
2024-жылдын 21-февралында Ысык-Кѳл облусунун Ак-Суу районунун жаңыдан түзүлгөн Алтын Арашан айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.
Жалпы 16327 адам жашаган Алтын Арашан айыл аймагы Бѳрү-Баш, Кара-Жал жана Октябрь айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.
Алтын Арашан айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 43 депутатты түздү: Бѳрү-Баш, кеңешинин 11 депутаты, Кара-Жал кеңешинин 11 депутаты жана Октябрь кеңешинин 21 депутаты.
Алтын Арашан айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу депутат Асангазиев Бактыбек Бейшебекович ачып, төрагалык кылды.
Бѳрү-Баш, Кара-Жал жана Октябрь айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын ичинен, Тынаев Кубанычбек Джапарович, Жумашов Райымбек Орозалиевич жана Иманалиев Тологон Талантбекович арасында шайлоо болуп өттү.
Сессияга бириккен Алтын Арашан айыл аймагынын 33 депутаттары катышты.
Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 22 добуш алып, Иманалиев Тологон Талантбекович бириккен Алтын Арашан айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Маалымат үчүн:
2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.
Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.
Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:
“Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.
Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат”.
КР БШК маалымат бөлүмү


