Айтиев Темирлан Тынычбекович Чүй облусунун Аламүдүн районунун жаңыдан түзүлгөн Достук айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды
20 февраля 2024
2024-жылдын 20-февралында Чүй облусунун Аламүдүн районунун жаңыдан түзүлгөн Достук айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.
Жалпы 17907 адам жашаган Достук айыл аймагы Ленин, Гроздь жана Ак-Дөбө айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.
Достук айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 41 депутатты түздү (тизмеге шилтеме): Ленин кеңешинин 19 депутаты, Гроздь 11 жана Ак-Дөбө кеңешинин 11 депутаты.
Достук айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу Курманбаева Роза Болоткановна депутат ачып, төрагалык кылды.
Ленин жана Ак-дөбө айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын ичинен Айтиев Темирлан Тынычбекович жана Асанова Чолпон Бекмурзаевна шайлоосу болуп өттү.
Сессияга бириккен Достук айыл аймагынын 36 депутаттары катышты.
Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 18 добуш алып, Айтиев Темирлан Тынычбекович бириккен Достук айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды .
Маалымат үчүн:
2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.
Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.
Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:
“Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.
Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укукулантуучусу болуп калат”.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айылаймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамын да ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат”.
КР БШК маалымат бөлүмү



