Насыров Абдижамил Жусупович Баткен облусунун Кадамжай районунун жаңыдан түзүлгөн Майдан айыл аймагынын кеңешинин төрагасы болуп шайланды

20 февраля 2024

2024-жылдын 20-февралында Баткен облусунун Кадамжай районунун жаңыдан түзүлгөн Майдан айыл аймагынын кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жалпы 32152 адам жашаган Майдан  айыл аймагы Майдан жана Айрыбаз айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн.

Майдан айылдык кеңешинде биригүүнүн натыйжасында депутаттардын саны 42 депутатты түздү: Майдан  кеңешинин  21 депутаты жана  Айрыбаз  кеңешинин 21 депутаты.

Майдан  айыл аймагынын кеңешинин сессиясын жашы боюнча эң улуу Алимбеков Махаматмуса депутат ачып, төрагалык кылды.

Майдан жана Айрыбаз айыл аймактарынын учурдагы төрагаларынын ичинен  Насыров Абдижамил  жана Салиева Айзада ортосунда шайлоо болуп өттү.

Сессияга бириккен Майдан айыл аймагынын 38  депутаттары катышты.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 19 добуш алып, Насыров Абдижамил Жусупович бириккен Майдан айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

 

Маалымат үчүн:

2024-жылдын 20-22-февралында аймактарда жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өтүүдө.

Жалпысынан 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген 117 айыл аймактарынын кеңешинин төрагаларын шайлоо зарыл.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо” негизинде өткөрүүлүүдө:

Айыл аймактарын бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат.

Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бирдиктүү айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат”.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагы же калктуу пункту кошулган же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзамдык жөнгө салууга чейин сакталат.

 

КР БШК маалымат бөлүмү