Элдик Курултай АЭУ технологияларын пайдалануу жана шайлоочуларды идентификациялоо менен КР Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке ѳкүлүн шайлады

16 декабря 2023

Элдик Курултай 16-декабрда автоматык эсептѳѳ урналары (АЭУ) технологияларын пайдалануу жана шайлоочуларды идентификациялоо менен Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке ѳкүлдү шайлады.

Бишкек шаарында 15-16-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен экинчи Элдик Курултай ѳтүп жатат.
Элдик Курултайдын ишине быйылкы жылы шайланышкан 695 делегат катышууда. Алардын арасында республиканын бардык аймактарынан делегаттар, этникалык топтордун жана чет ѳлкѳлѳрдѳгү эмгек миграттарынын ѳкүлдѳрү бар.

Иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешине Элдик Курултайдан бир ѳкүл шайлоо бар.

Добуш берүүнү ѳткѳрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан Улуттук филармонияда шайлоо участогу уюштурулган жана зарыл шайлоо жабдууларынын комплекси: жеке жана биометрикалык маалыматтары боюнча делегаттарды идентификациялоо үчүн –идентификациялоо жабдуулары; добуштарды автоматтык эсептѳѳ үчүн – автомаатык эсептѳѳ ураналары (АЭУ); - ѳз эркин билдирүүнүн купуялуулугун сактоо үчүн добуш берүү үчүн кабиналар коюлган.
Бюллетенге ар бир аймактан жана Бишкек жана Ош шаарларынан жана «Баарына каршы»позициясына 9 талапкер - Алыбаев Т.

- Джумашова Э.

- Касиев Н.

- Кожоакматов Э.

- Кулботаев А.

- Назарбаев А.

- Мамаев А.

- Оторбаева З.

- Усупов Т.киргизилди.

Добуш берүү үчүн Элдик Курултайдын делегаттарын алардын биометрикалык жана жеке маалыматтары боюнча идентификациялоо жүргүзүлдү. Элдик Курултайдын эсептѳѳ комиссиясы идентификация тууралуу чектердин негизинде кагаз жүзүндѳгү тизмеде делегаттарды каттоону ишке ашырып, бюллетендерди берди. Делегаттар бюллетенде 9 талапкердин бирине добуш берүүгѳ же «Баарына каршы» позициясына белги коюуга мүмкүнчүлүк алышты.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы АЭУ маалыматтары боюнча же эсептѳѳ комиссиясынын чечими – добуштарды кол менен эсептѳѳнүн натыйжалары боюнча аныкталат. Эсептѳѳ комиссиясынын протоколуна ылайык добуш берүүнүн жыйынтыгы АЭУ маалыматтары боюнча чыгарылды.

КР Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке Элдик Курултайдын ѳкүлү болуп Т. Алыбаев шайланды. Добуш берүүнүн жыйынтыгы Элдик Курултайдын жалпы жыйынында

жарыяланды.

Ар түрдүү деңгээлдеги шайлоолордо пайдаланылган шайлоо жабдуулары анык жана ачык-айкын шайлоонун ѳткѳрүлүшүнѳ кепилдик берет.

Жаңы технологияларды ишке киргизүү шайлоочулардын эсебин жана добуш берүүнүн натыйжаларын бурмалоону жокко чыгарат.

Эсептөө комиссиясынын төрагасы А.Лаваева Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилигине жана кызматкерлерине шайлоо өткөрүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

 

достоверных и прозрачных выборов.