Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү аяктады: катышуу 26,58 % түздү

08 октября 2023

2023-жылдын 8-октябрында саат 20:00дө Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү аяктады.

Шайлоочулардын тизмесине бардыгы 6062 шайлоочу киргизилген, анын ичинде 5952 шайлоочу – участоктордо добуш берүү үчүн киргизилген, ал эми 110 шайлоочу аралыктан добуш берүүчүлөрдүн тизмесине киргизилген.

Добуш берүүгө бардыгы 1611 шайлоочу катышты, бул добуш берүү үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин жалпы санынын 26,58 % түздү.

5952 шайлоочудан 1547 шайлоочу участоктордо добуш берди, бул участоктордо добуш берүү үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин санынын 25,99 % түздү.

110 шайлоочудан 64 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул аралыктан добуш берүү үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин санынын 58,18 % түздү.

Аралыктан добуш берүүдө катышкан шайлоочулардын маалыматы менен төмөндөгүдө таанышсаңыз болот (https://dobush.shailoo.gov.kg/election/ 53/result/)

Ушул убакытка карата 100 пайыз (4) шайлоо участогунан автоматтык эсептөөчү урналардан жана аралыктан добуш берүү участогунан маалыматтар келип түштү, алар менен бул жерден таанышсаңыз болот (https://shailoo.gov.kg/ru/news/6931/)

Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча УШКнын чечимдерине даттануу мөөнөтү 3 күндү түзөт, даттануулар АШКга берилет.

Тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу участкалык шайлоо комиссияларынан жана 1 аралыктан добуш берүү участкасынан келип түшкөн протоколдордун негизинде Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы Саруу айылдык кеңешинин аймагында добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат жана ушул кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжасын аныктайт.

Шайлоо комиссиялары чечимдерди кабыл алууда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар жөнүндө келип түшкөн бардык даттанууларды (арыздарды) кароого жана мыйзамда белгиленген тартипте чечимдерди кабыл алууга милдеттүү.

АШКнын чечимине 3 күндүн ичинде БШКга даттанса болот.

“Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 38-беренесине ылайык, ар бир жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо АШК тарабынан 20 календарлык күндөн кеч эмес чыгарылат (2023-жылдын 29-октябрына чейин) аныкталат.