КР БШК мугалимдерди билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктайт
05 октября 2023
Ардактуу мугалимдер! Урматтуу коллегалар, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен – Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктайт.
Биздин балдарыбызды окутуп, тарбиялап жаткандыгыздар үчүн ак дилден ыраачылык билдиргибиз келет. Сиздердин кажыбас талыкпаган эмгегиңиздер окуучулардын терең билим алып, ѳздѳрүнүн шык-талантын ачууга жардам берип келет.
Кѳптѳгѳн мугалимдер шайлоо участкаларында да эмгектенишип, мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына шайлоо процессин даярдоого жана уюштурууга зор салым кошуп келет.
Сиздердин жооптуу, дыкат, эмгекчил жана атуулдук мамилеңиздерден улам биздин жалпы чоң командабыз Кыргызстанда демократиялык процесстерди ѳнүктүрүү ишинде олуттуу алга жылууга жетише алды.
Урматтуу мугалимдер!
Сиздердин чыдамкай мамилеңиздерге, ѳз кесибин ардактай билүүңүздѳргѳ жана бекем жарандык позицияңыздарга чын жүрѳктѳн ыраазычылык билдиребиз.
Ак дилден бекем ден соолук, байгерчилик, жеке турмушуңуздарда бак-таалай жана ишиңиздерде андан аркы ийгиликтерди каалайбыз!
КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча
борбордук комиссиясы

