КР БШК Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдакты улантууда

27 сентября 2023

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Кѳл облусундагы Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдыктарды улантууда.

КР БШК 27-сентябрдагы жыйынында ѳзүнүн айрым токтомдоруна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу чечим кабыл алды, ага ылайык Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо үчүн шайлоо бюллетендеринин формасы жана аны сактоо даражасы бекитилди. Аны даярдоо “Учкун” ААКда ишке ашырылат.

Ошондой эле Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо КР БШКнын имаратында жайгашкан аралыктагы участкада аралыктан добуш берүү шайлоо комиссиясынын ишин каржылоо үчүн 28 100 сом суммасында чыгашалардын кошумча сметасы бекитилди.