КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотту жана бошогон депутаттык мандаттарды ѳткѳрүп берди
12 сентября 2023
Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнчаборбордук комиссия Ош, Базар-Коргон, Талас, Нарын, Баткен, Ноокат жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Ош шаардык кеңешинин депутаттары Ахмаджанов Хашим Абдухакимовичтин («Улуттар Биримдиги» депутаттыкфракциясы), Самиева Нурила Камиловнанын(«Улуттар Биримдиги» депутаттык фракциясы) жана Мурзахмедов Нурлан Жеңишбековичтин («Улуттар Биримдиги» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары ѳздѳрүнүн арыздарынын негизинде токтотулду.
Мандаттары Кадыров Талантбек Жороевичке(«Улуттар Биримдиги» депутатская фракция), Турдубаева Гулсарага («Улуттар Биримдиги»саясий партиясы), Токтосунов Аскат Азаматовике («Улуттар Биримдиги» саясий партиясы) берилди.
Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаты Нышанбаев Хабибула Турсунбаевичтин депутаттык ыйгарымукуктары («Ата-Журт Кыргызстан» депутаттык фракциясы) ѳзүнүн берген арызынын негизинде токтотулду. Мандат Нажиманов Кубанычбек Абдулаевичке («Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) берилди.
Талас облусундагы Талас районунун Өмүралиев айылдык кеңешинин депутаты Сүйүнтбеков Эламан Султановичтин депутаттык ыйгарым укуктары казаболгондугуна байланыштуу токтотулду. МандатКенжегараев Масалбек Сарыкуловичке берилди.
Нарын облусундагы Нарын районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин депутаты Эсенбаев Жаныш Курманбековичтин депутаттык ыйгарым укуктары ѳзүнүн берген арызынын негизинде токтотулду. Мандат Кожоев Чынгызбек Аскарбековичке берилди.
Баткен облусундагы Баткен районунун Кара-Бак айылдык кеңешинин депутаты Туланов Жанибек Шамсидиновичтин депутаттык ыйгарым укуктары ѳзүнүн берген арызыныннегизинде токтотулду. Мандат Амиракулов Кубанычбек Аликановичке берилди.
Ош облусундагы Ноокат районунун Т. Кулатов айылдык кеңешинин депутаты Жусупов Эрланбек Ромидиновичтин депутаттыкыйгарым укуктары 29.08.2023-ж. №13 Нооката/к арызынын негизинде токтотулду (Т.Кулатова/к 28.07.2023-ж. №24-6 токтому – Жүйѳѳлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйынына бир жылдын ичинде тѳрт жолудан ашык жок болгондугу). Мандат Боркош уулу Дамирбекке берилди.
Ош облусундагы Ноокат районунун Мирмахмудов айылдык кеңешинин депутаты Джалалов Мухаммадсодик Исраиловичтин депутаттык ыйгарым укуктары ѳзүнүн берген арызынын негизинде токтотулду. Мандат Алимжанов Захид Якубжановичке берилди.
Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Капчыгай айылдык кеңешинин депутаты Кадырова Калипа Каденовнанын депутаттык ыйгарым укуктары ѳзүнүн берген арызынын негизинде токтотулду. Мандат Көккөзова Айымбасар Шеркуловнага берилди.
КР БШК басма сѳз кызматы
