№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгна дагы 9 талапкер катталды

16 августа 2023

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 16-августагы жыйынында 2023-жылдын 10-сентябрында ѳтѳ турган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер болуп Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү ниети жѳнүндѳ мурда тийиштүү арыздарын беришкен жарандарды каттоо жѳнүндѳ маселени карады.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону ѳткѳрүүдѳ талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топтун корутундусун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы тѳмѳндѳгү талапкерлерди №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер кылып каттоо тууралуу чечимин кабыл алды:

 

- Исмаилова Карачач Джумаевнаны;

- Мамытов Токтокучук Болотбековичти;

- Ажыбеков Руслан Ажыбековичти;

- Искендеров Жеенбек Урудиновичти;

- Балтабаев Абдивал Жакыповичти;

- Субанов Айбек Манасбековичти;

- Рысалиев Бактыбек Коржубаевичти;

- Саралаева Лейли Маратовнаны;

- Булекбаев Эркин Касымовичти.