Аттокур уулу Илимбек жана Таалайбек Кермалиев №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталышты

15 августа 2023

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 15-августагы жыйынында 2023-жылдын 10-сентябрында ѳтѳ турган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоодо талапкер болуу ниети жѳнүндѳ мурда арыз беришкен жарандарды каттоо тууралуу маселени карады.

Чечим талапкерлер, саясий партиялар берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшщерүү боюнча жумушчу топтун сунуштамасынын негизинде кабыл алынган, жумушчу топ кѳрсѳтүлгѳн талапкерлер Аттокур уулу Илимбек жана Таалайбек Кермалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келе тургандыгы боюнча корутунду чыгарган.

Башка чечими менен мурда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп кѳрсѳтүлгѳн Айткулов Муктарбек Мукуловичтин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын канаатандырды.