БШК № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
02 августа 2023
2023-жылдын 2-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.
Ошентип:
1. Какчекеев Токтогул – №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкер:
шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл – Эшалиев Сарпек Ажибекович;
2. Шаршембиев Бакыт Нурджанович – № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкер:
Шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл – Эшимбеков Бакыт Арстаналыевич;
финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл – Исагалиев Нурбек Карагулович.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
