КР БШКнын 2023-жылы 24 - июль өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

24 июля 2023

Өткөрүү датасы: 2023-ж. 24-июлу

Убактысы: 15:00

Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы

 

 

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Панфилов, Кадамжай, Баткен жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

2. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Бакир уулу Турсунбайдын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

3. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Мамаев Сулаймандын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

4. Ар кандай маселелер