Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүү башталды

28 мая 2023

Бүгүн - 2023-жылдын 28-майында  саат 08.00дө Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу  боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда  шайлоодо добуш берүү башталды.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын  шайлоодо добуш берүү үчүн 51 шайлоо участогу ачылган. Шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесиндеги шайлоочулардын саны 124 908 мин, алардын ичинде 54 678 эркек,  70 230 аял, башкача айтканда 43,77% жана  56,23%.

Добуш берүүнү өткөрүү убактысы: 2023-жылы 28 –майы  саат 08.00дөн 20.00гө чейин (Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун милдеттүү түрдө ала келүү зарыл).

Маалымат алуу үчүн телефондор:

жалпы маселелер боюнча – 1255;

шайлоочулардын тизмеси боюнча – 119 жана 1255.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер тууралуу кеңири маалымат менен Сиз

 тааныша аласыз.

 

БШК аппаратынын маалымат бөлүмү