БШК Бишкек шаарынын Ленин районундагы №1013 шайлоо участогунун дарегин өзгөрттү
05 мая 2023
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 5-майындагы жыйналышында №1013 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө токтом кылды.
Бишкек шаарынын Ленин районунун №1013 шайлоо участогунун дареги Кайназарова көчөсү, №30 дарегинде жайгашкан Ветеринардык башкарма имаратынан Бишкек шаарынын Месароша көчөсү, №1 дарегиндеги №50 орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү.
Чечим Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 2-майындагы №01-38/7-2805 №1013 шайлоо участогунун имаратынын дарегин өзгөртүү жөнүндө катынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пунктарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына шайлоочулардын арасында шайлоо участогунун дарегин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бѳлүмү
