Кыргызстандан байкоочулар Грузиянын парламентине жана шаардык кеңешине мѳѳнѳтүнѳн мурда жана аралыктагы шайлоолорго мониторинге катышты

30 апреля 2023

2023-жылдын 29-апрелинде Грузияда парламентке жана муниципалдык органдарга аралыктагы шайлоолор болуп ѳттү, ошондой эле эки шаардын мэрлерин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо башталды.

 

Парламенттик шайлоого мониторинге БШКнын тѳрагасынын орун басары Койчукеев Нурлан Чокоевич жана БШКнын мүчѳсү Жылкыбаев Узарбек Казиевич катышты.

 

Шайлоолордун алдында БШКнын тѳрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеев баштаган КР БШКнын делегациясы менен Грузия БШКнын тѳрагасы Георгий Каландаришвили жана мүчѳлѳрү менен жолугушуу болуп ѳттү. Жолугушууда парламенттин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшү жѳнүндѳ маселелер талкуулады.

Бул шайлоо ѳзгѳчѳ мааниге ээ, анткени Грузияда электрондук технология биринчи жолу мына ушундай масштабда пайдаланганы турат жана 2024-жылы алдыда боло турган шайлоого даярдык катары каралууда.

Азербайджан, Албания, Армения, АКШ, Болгария, Босния жана Герцеговина, Казахстан, Кыргызстан, Мальдивы, Сербия, Филиппиндер жана Эстония сыяктуу 12 мамлекеттен чет ѳлкѳлүк шайлоо комиссияларынын ѳкүлдѳрү болушкан эл аралык 30 жакын байкоочулар Кутаиси жана Терджоле шаарларында 2023-жылдын 29-апрелинде кошумча/мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого байкоочу болушат.

 

Маалымат иретинде:

Грузиянын парламенти 2022-жылдын 22-декбарында 2024-жылдан баштап добуш берүү үчүн электрондук урналарды пайдаланууга ѳтүү боюнча мыйзам кабыл алган. 2023-жылдын 6-февралындагы БШКнын токтомуна байланыштуу апрелде аралыктагы жана мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоолор да электрондук урналарды пайдалануу менен ѳтѳт.

Жүз алтымыш тѳрт (164) шайлоо участкалары аралыктагы/мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоолорду ѳткѳрүү үчүн ачылат. 117 шайлоо участкаларында шайлоодо шайлоочуларды, добуш берүүнү жана добуштпарды эсептѳѳнү верификациялоо үчүн жабдуу колдонулат. Шайлоочулардын жалпы санынын 91% жаңы маалыматтык технологияларды пайдалануу менен добуш берүүгѳ катышат. Калган 9% шайлоочу салтуу добуш берүүгѳ катышат, ал эми добуш берүү үчүн бюллетендер кеңири ачык-айкын болушу үчүн санариптештирилип, Google платформасына жүктѳлѳт.