КР ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу аяктады

28 апреля 2023

Бүгүн, 2023-жылы 27-апрелде саат 24.00дө 2023-жылдын 28-майына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү процессинин аяташына коомдук байкоочулар жана “Жалпы иш” КФ байкоочулары көз карандысыз байкоо жүргүзүштү.

2023-жылдын 27-апрелиндеги саат 24.00гө карата абал боюнча 49 талапкер (40 – эркек, 9 – аял) көрсөтүлдү (кабыл алуунун акыркы күнү 8 талапкерден арыз түштү).

Бүгүнкүгө карата 49 талапкерден 4 талапкер (3 – эркек, 1 – аял) катталды.

Ошону менен бирге, 5 талапкер шайлоого андан ары катышуудан баш тартты.

БШК конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү 2023-жылдын 30-апрелине саат 18.00гө чейин төмөнкү документтердин толук пакетин БШКга тапшыруу керек экенин эске салат:

- өмүр баянын жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен бекитилген формага ылайык, талапкер жөнүндө маалыматтарды;

- паспортунун көчүрмөсүн;

- жогорку кесиптик билим жөнүндө документтин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;

- иштеген же окуган жеринен маалымдаманы;

- бекитилген формага ылайык, башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө маалыматтарды;

- жекече маалыматтарын иштетүүгө жазуу жүзүндө макулдугун;

- шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү