БШК Ленин округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн окутту

26 апреля 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 26-апрелинде БШК Ленин округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн окутууну өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-мартындагы ПЖ № 70 Жарлыгына ылайык, № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалды.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштурууга Ленин округдук шайлоо комиссиясынын мүчөсү жана участкалык шайлоо комиссияларынын 708 мүчөсү иш жүргүзөт. Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 51 шайлоо участогу ачылды.

Ленин округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо процессинин чечүүчү маселелери боюнча окутуу бул шайлоонун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өткөрүлдү. Бул максатта КР БШК төмөнкү темалар боюнча окутуу модулун иштеп чыкты:

  1. № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун өзгөчөлүктөрү;
  2. Округдук шайлоо комиссиясынын иштөө принциптери жана ыйгарым укуктары. КР БШК жумушчу топтору менен өз ара аракеттешүү тартиби;
  3. Шайлоочулардын тизмелери: тариздөө, түзүү, актуалдаштыруу;
  4. Маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү тартиби. Шайлоо комиссиялары тарабынан арыз, даттанууларды кароо тартиби;
  5. № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө тартиби жана шайлоо натыйжаларын аныктоо.

Окутуу процесси тажрыйба жана билим алмашуу, суроо-жооп, шайлоо өнөктүгү мезгилинде орун алган реалдуу окуялардан мисалдарды келтирүү нугунда өттү.

Маалымат үчүн: 2023-жылдын 27-апрелинен тартып 6-майына чейин № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округундагы 51 участкалык шайлоо комиссиясынын 708 мүчөсүн окутуу өткөрүлөт.