БШК № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлер М.А Камбаровдун, Р. А. Мокейчуктун жана А. Абдылдаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
14 апреля 2023
2023-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына көрсөтүлгөн үч талапкер – М.А. Камбаровдун, М.Р. Мокейчуктун жана А.Ш. Абдылдаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды. Ошентип:
1. Камбаров Мирлан Адилбекович– № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкер:
шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл – Карымшаков Нурсеит Тургуналиевич;
финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл – Кулмурзаева Эльюза Бакытбековна.
2. Мокейчук Роман Александрович – №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкер:
шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл – Достурова Жанна Николаевна;
финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл – Дунин Денис Георгиевич.
3.Абдылдаев Азат Шералиевич – №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкер:
шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл – Азимбаев Канат Таалайбекович.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
