Жергиликтүү шайлоо – 2023: Шайлоо участкалары 100% пандустар менен жабдылды
09 апреля 2023
14 айылдык кеңештерге шайлоолордо бардык 53 шайлоо участкасы пандустар менен жабдылды. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары комиссиялар м енен биргеликте бул багыттар боюнча даярдык иштерин жүргүзүштү.
Добуш берүү үчүн бардык 53 участкалар боюнча майыптыгы бар адамдардын тизмеси такталып, майыптыгынын түрүнѳ жана тобуна жараша ар бир ДСМЧАнын керектѳѳсүнүн түрүн эске алуу менен керектѳѳ картасы түзүлгѳн. Керектѳѳ картасы шайлоочулардын тизмесинин жанына добуш берүү үчүн участкадагы маалымат тактасына жайгаштырылат. Катышуучулардын керектѳѳ картасына ылайык, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого ДСМЧ 206 шайлоочу катышат.
КР БШК шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу. анын ичинде добуш берүү үчүн орун-жайларга жетүүнү камсыз кылуу жана майыптыгы бар адамдарга жардам берүүнүн атайын каражаттары аркылуу жардам берүү боюнча туруктуу саясатты ишке ашырат.
Бардык УШКларда Брайль тамгасындагы бюллетендер жана ага трафареттер, ошондой эле чогойтуп кѳрсѳтүүчү лупалар жайгаштырылат. Шайлоонун инклюзивдүүлүгүн кеңейтүү максатында добуш берүү үчүн столдор, кабиналдар жана урналар, ошондой эле шайлоо участкаларындагы маалымат такталары коляска пайдаланган же ѳз алдынча басып жүрүүдѳ кыйынчылыкка тушуккан шайлоочулар үчүн жеткиликтүү болуусун камсыз кылуу үчүн ылайыктуу жайгаштырылат.
Добуш берүү кабинасынын бири (столчо, текче, койгус ж.б. менен) бюллетендерди толтуруу үчүн туурасы 40 см. жана тереңдиги 30 см. кем эмес, полдун деңгээлинен бийиктиги 75 см. кем эмес жайгашкан жерде жабдылат.
Талапкерлер, саясий партиялар шайлоо алдындагы үгүт материалдарын сурдокотормону же субтитрди колдонуп, окууга ыңгайлуу чоңойтулган шрифт менен басылып, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочулар үчүн Брайль шрифтин же башка атайын каражаттарын пайдалануу менен үгүт материалдарынын жалпы нускасынын санынын бир пайызынан кем эмес санда басып чыгарууга жана таркатууга милдеттүү.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар - жалпы угуусунун, көрүүсүнүн, таяныч-кыймыл аппаратынын функцияларынын бузулушунан ачык көрүнгөн турмуш-тиричилигин чектөөгө алып келген ооруулар, жаракаттардын же кемтиктердин кесепети менен шартталган, организмдин функцияларында туруктуу бузулушу бар ден соолугу бузулган, жалпы шартта активдүү шайлоо укугуна ээ Кыргыз Республикасынын жарандары таанылат. Ушуга байланыштуу ДСМЧАнын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруу максатында мамлекет ДСМЧАнын укуктарын жүзѳгѳ ашыруусу үчүн атайын уюштуруу жана маалыматтык шарттарды түзүүгѳ милдеттүү.
КР БШК маалымат бѳлүмү






