Кыргызстанда жайдан тышкары жерде добуш берүү өтүүдө

08 апреля 2023

Бүгүн – 2023-жылдын 8-апрелинде Кыргызстанда 14 айылдык кеңештин депутаттарыншайлоодо добуш берүү үчүн жайдан тышкарыжерде добуш берүү өтүүдө.

КР БШКнын 14 айылдык кеңештин 11ине 53 УШКнын 24үнө добуш берүү үчүн жайдантышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүүжөнүндө бардыгы 153 арыз түштү (анын ичинде: 75и – улгайгандыгы боюнча, 15и – майыптыгыбоюнча, 63ү – оорусу боюнча).

Баткен облусу боюнча 13 УШКдан бирөөнө 1 арыз түштү, анын ичинде: оорусу боюнча – 1;

Ош облусу боюнча 19 УШКдан 13үнө 77 арызтүштү, анын ичинде: улгайгандыгы боюнча - 29, майыптыгы боюнча - 8, оорусу боюнча - 40;

Талас облусу боюнча 6 УШКдан 5өөнө 40 арызтүштү, анын ичинде: улгайгандыгы боюнча - 28, майыптыгы боюнча - 4, оорусу боюнча - 8;

Нарын облусу боюнча 9 УШКдан 4өөнө 22 арыз түштү, анын ичинде: улгайгандыгы боюнча - 12, майыптыгы боюнча - 3, оорусу боюнча - 7;

Чүй облусу боюнча 6 УШКдан бирөөнө 13 арызтүштү, анын ичинде: улгайгандыгы боюнча - 6, оорусу боюнча - 7.

Маалымат үчүн: «Жергиликтүү кеңештердиндепутаттарын шайлоо жөнүндө» КыргызРеспубликасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгыбоюнча шайлоо участокторуна келе албаган, ошондой эле төмөнкү шайлоочулар добуш берүүчүжайдан тышкары добуш берүүгө укуктуу:

добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдүжана айыптууларды кайтаруу алдындакармоочу жайларда жүргөн шайлоочулар;
алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуужашаган шайлоочулар.

Өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоокомиссиясынын чечими боюнча

добуш берүү күнү калктуу конуштардан алысжайгашкан жерлердеги аскер бөлүктөрүндөкызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары,
добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ичкииштер органдарынын кызматкерлери,
жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканалардагыиштеген шайлоочулар,
вахталык ыкма менен иштеген шайлоочулар.

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күнкалганда саат 8ден 20га чейинки мезгилде жанашайлоочунун ага добуш берүү жайынан тышкарыдобуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуужүзүндөгү кайрылуусунун негизинде ганажүргүзүлөт.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү