БШКда Баткен районунун үч айылдык кеңешинде электрондук добуш берүүнү өткөрүүгө даярдык көрүлүүдө

06 апреля 2023

БШКда Баткен облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүү апробациядан өткөрүү жөнүндө коомчулук үчүн бет ачар (презентация) өткөрүлдү.

Иш-чарага КР БШК мүчөлөрү, КР Жогорку Кеӊешинин депутаттары, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, коомдук байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле Баткен районунун коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын катышуучуларына Баткен районунун үч айылдык кеңешинде – Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо 9-апрелде пилоттук режимде апробациядан өткөрүлүүчү электрондук добуш берүү тартиби бет ачар катары көрсөтүлдү.

Электрондук добуш берүү – бул электрондук шайлоо бюллетенин пайдалануу жана электрондук тутумдагы добуш берүү маалыматтарынын автоматтык жыйындысы менен добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү.

Баткен облусунун Баткен районунун үч айылдык кеңешинде – Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүүнү пилоттук режимде апробациядан өткөрүү жөнүндө чечим инклюзивдүүлүктү жогорулатуу максатында, ошондой эле шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, шайлоо процессинде колдонулуучу технологияларды өркүндөтүү үчүн кабыл алынды.

Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган, бирок шайлоо күнү шайлоо участогунда добуш берүүгѳ мүмкүнчүлүгү жок Кыргыз Республикасынын жарандары электрондук добуш берүүгө катышат.

Электрондук добуш берүүчү шайлоочулардын тизмеси 2023-жылы 24-мартта түзүлүп, ага 841 шайлоочу киргизилген жана мамлекеттикТизме” порталынын өзүнчө бөлүмүнө жайгаштырылган.

Иш-чаранын жүрүшүндө шайлоодо шайлоочуларды идентификациялоонун программаларын өркүндөтүү алкагында Самаркандек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо, бул округдун 5 участогунда колдонула турган модернизацияланган түзүлүш дагы көрсөтүлдү.

Шайлоочуну идентификациялоонун модернизацияланган түзүлүшү – бул шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, шайлоо процессинде колдонулуучу технологияларды өркүндөтүүгө өбөлгө түзүүчү жана шайлоо процесси менен добуш берүүнү автоматташтыруучу жогорку технологиялык инновациялык түзүлүш.

Түзүлүш төмөнкүдөй программага салынган: ал паспортту, манжалардын издерин бир убакта сканерлейт жана издерди FaceIDдин жардамы менен сканерлөөгө мүмкүнчүлүк болбосо, шайлоочунун бет түзүлүшүн сканерлейт, биометрикалык идентификациялоодон ийгиликтүү өткөндөн кийин тиешелүү шайлоо округунун шайлоо бюллетенин басып чыгаруу үчүн автоматтык түрдө белги берет, добуш берүү үчүн бөлмөдө бюллетень шайлоочу тарабынан толтурулуп, автоматтык эсептөөчү урнага салынат, бул добуш берүүнү айкын жана анык өткөрүүгө өбөлгө түзөт.

Айрым жергиликтүү кеңештерди шайлоо электрондук добуш берүү тутуму боюнча өткөрүлөрүн эске салабыз. Электрондук добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн КР БШК өз имаратында байкоо жүргүзүү борборун уюштурат. Мында электрондук добуш берүүнү байкоочулар «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы белгилеген тартипке ылайык дайындалат.

Электрондук добуш берүү кандай өтөрү жөнүндө видео роликти мында көрө аласыз   

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү