Жергиликтүү шайлоодо добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө шайлоочулардын жазуу жүзүндөгү арыздарын кабыл алуу аяктады
06 апреля 2023
2023-жылдын 5-апрелинде саат 18:00дө 14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө шайлоочулардын жазуу жүзүндөгү арыздарын кабыл алуу аяктады.
14 айылдык кеңештин 11ине 53 УШКнын 24үнө добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө бардыгы 153 арыз түштү (анын ичинде: 75и – улгайгандыгы боюнча, 15и – майыптыгы боюнча, 63ү – оорусу боюнча).
Баткен облусу боюнча 13 УШКдан бирөөнө 1 арыз түштү, анын ичинде: оорусу боюнча – 1;
Ош облусу боюнча 19 УШКдан 13үнө 77 арыз түштү, анын ичинде: улгайгандыгы боюнча - 29, майыптыгы боюнча - 8, оорусу боюнча - 40;
Талас облусу боюнча 6 УШКдан 5өөнө 40 арыз түштү, анын ичинде: улгайгандыгы боюнча - 28, майыптыгы боюнча - 4, оорусу боюнча - 8;
Нарын облусу боюнча 9 УШКдан 4өөнө 22 арыз түштү, анын ичинде: улгайгандыгы боюнча - 12, майыптыгы боюнча - 3, оорусу боюнча - 7;
Чүй облусу боюнча 6 УШКдан бирөөнө 13 арыз түштү, анын ичинде: улгайгандыгы боюнча - 6, оорусу боюнча - 7.
Маалымат үчүн: «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча шайлоо участокторуна келе албаган, ошондой эле төмөнкү шайлоочулар добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө укуктуу:
- добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайларда жүргөн шайлоочулар;
- алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар.
Өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча –
- добуш берүү күнү калктуу конуштардан алыс жайгашкан жерлердеги аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары,
- добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери,
- жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканалардагы иштеген шайлоочулар,
- вахталык ыкма менен иштеген шайлоочулар.
Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда өзүнүн участогунда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу жазуу жүзүндө ага арыз берген шайлоочулардын реестрин илип коюуга милдеттүү.
Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 8ден 20га чейинки мезгилде жана шайлоочунун ага добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.
Шайлоочунун арызы участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен берилиши мүмкүн.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
