БШКга № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө талапкерден биринчи арыз келип түштү
31 марта 2023
2023-жылдын 31-мартында БШКга 2023-жылдын 28-майында өтүүчү № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө талапкер Булекбаев Эркин Касымовичтен (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) арыз келип түштү.
№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде (кошуп алганда) аяктайт.
Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди депутаттыкка көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

