КР БШКнын 2023-жылы 30 - мартта өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
30 марта 2023
Өткөрүү датасы: 30.03.2023-ж.
Убактысы: 16:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. 2023-жылдын 28-майына дайындалган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календарлык планы жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. 2023-жылдын 28-майына дайындалган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Ленин округдук шайлоо комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Мырзакматова Э.Т., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы)
3. 2023-жылдын 28-майына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Дюшембаева Г.К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттулук бөлүмдүн башчысы)
4. 2023-жылдын 28-майына дайындалган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө
(баяндамачы – Дюшембаева Г.К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттулук бөлүмдүн башчысы)
5. Шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун тексти жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6. 2023-жылдын 28-майына дайындалган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо участкалары үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
7. 2023-жылдын 28-майына дайындалган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча жумушчу топторду түзүү жѳнүндѳ
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
8. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Өзгөн, Жалал-Абад, Чаткал жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
9. Ар кандай маселелер
