БШК КР ЖК депутаты Ж. Абировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
27 марта 2023
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 27-мартында өткөн жыйналышында келип түшкөн өз арызынын негизинде №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жаныбек Болотбекович Абировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө келип түшкөн өз арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 59-беренесинин 7-бөлүгүнө, 65-беренесинин 6-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык, КР БШК КР ЖК депутаты Ж.Б. Абировдун ыйгарым укуктарын токтотту.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жаныбек Болотбекович Абировдун күбөлүгү жараксыз деп таанылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
