Кыргызстандан барган байкоочулар Түркмөнстандагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышууда

26 марта 2023

2023-жылдын 26-мартында Түркмөнстанда жетинчи чакырылыштагы Межлистин депутаттарын парламенттик шайлоо, бешинчи чакырылыштагы велаят (облустук), этрап жана шаардык калк маслихаттарынын шайлоо, ошондой эле тогузунчу чакырылыштагы кеңештердинмүчөлөрүн шайлоо өтүүдө.

 

Кыргызстандан КР БШК мүчөлөрү Жумалиева Акбалык Калыевна жана Жупуева Айдана Садыковна КМШ жана ШКУ байкоо жүргүзүүмиссияларынын курамында парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышууда.

Шайлоого байкоо жүргүзүүгө БУУ, КМШ, ШКУ, TМУ, ЕККУ ДИАУБу сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана чет өлкөлөрдөн келген ЖМК өкүлдөрү катышууда.

25-мартта Түркмөнстандын БШК төрагасы Г. Мурадов менен жолугушуу болуп, ал депутаттарды шайлоонун тартиби, шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Байкоочулар шайлоо участокторуна барып, добуш берүүнүн жүрүшүнөбайкоо жүргүзүүдө, добуштарды саноого байкоо жүргүзүүгө катышат.

Шайлоого жалпысынан 3 496 304 шайлоочу катталган.

Межлистин депутаттарын шайлоо бир мандаттуу округдар боюнча өткөрүлөт. Түркмөнстандын Межилиси 125 депутаттан турат жана 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

 

Түркмөнстандын Межлисинин депутаттыгына 258 талапкер катталган, алардын ичинен:

• Түркмөнстан Демократиялык партиясынан97,

• Түркмөнстандын Өнөр жайчылар жана ишкерлер партиясынан27,

• Туркменистан Агрардык партиясындан 51,

 

Жарандардын топторунан Түркмөнстандын Межлисинин депутаттыгына 83 талапкеркөрсөтүлдү.

Велаяттардын жана Ашкабад шаарынын калк маслахаттарынын мүчөлүгүнө 515 талапкер,этраптардын, шаарлардын калк маслахаттарынынмүчөлүгүнө 2001 талапкер, кеңештердинмүчөлүгүнө 12098 талапкер көрсөтүлдү.

Бардык шайлоолордо көрсөтүлгөн талапкерлердин саны 14 872 адамды түздү, башкача айтканда, бир орун үчүн эки жана үч талапкер ат салышат.

Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурууну Борбордук комиссия, 125 округдук шайлоо комиссиясы жана 2644 участкалык шайлоо комиссиясы, анын ичинде 42си чет өлкөлөрдө ишке ашырат.

 

Маалымат үчүн:

Шайлоо күнүнө карата жыйырма беш жашка толгон, шайлоого чейинки он жыл ичинде Түркмөнстанда он жыл туруктуу жашаганТүркмөнстандын жараны Түркмөнстандын Межлисинин депутаты болуп шайлана алат.

Талапкерлерди көрсөтүү укугу шайлоо дайындалган күнгө чейин катталган саясий партияларга, ошондой эле жарандардын топторунатаандык. Талапкерлерди көрсөтүү шайлоого чейин алтымыш күн мурда башталып, отуз күн калганда аяктайт.

Саясий партиялар Межлистин депутаттыгына өз талапкерлерин борбордук, велаят, этрап жана шаардык органдарынын жыйналыштарында(съезддеринде, конференцияларында, жалпы чогулуштарында) көрсөтүшөт. Саясий партиялар талапкерлерди көрсөтүү боюнча жыйналыштарды, чогулуштарды биргелешип өткөрүүгө укуктуу.

Эгерде ал үчүн саясий партиянын жыйналышына чогулушуна, алардын баштапкы уюмдарынын чогулушуна же жарандардын тобунун чогулушуна катышкандардын жарымынан көбү добуш берсе, талапкер көрсөтүлдү деп эсептелет.

Межлистин депутаттыгына талапкерлерди каттоо тиешелүү округдук шайлоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт. Каттоо шайлоого элүү күн калганда башталып, жыйырма беш күн калганда аяктайт.

 

КР БШКнын маалымат бөлүмү