Жаңы жылдык куттуктоо!

30 декабря 2022

Урматтуу кыргызстандыктар!

Урматтуу кесиптештер – шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиздерди кирипкелген жаңы 2023-жылыңыздар менен куттуктайт!

Өтүп жаткан 2022-жыл мамлекетибиздин ѳнүгүүсүнүн бардык чѳйрѳсүндѳ Кыргызстан үчүн, ошондой эле ар бир жараныбыз үчүн маанилүү окуяларга жык болду.

Баткен жана Ош облустарындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялар Кыргызстан элинин болоттой бекем эркин кѳрсѳтүп, баатырдык кубат-демин айгинеледи. Кыргызстандыктар атуулдуктун жана  каармандыктын, ынтымак-ырашкерликтин, биримдиктин мыкты сапаттарын, мамлекетибиздин андан ары ѳнүгүүсүнѳ  ѳз салымдарын кошуунун үлгүсүн кѳрсѳтѳ алышты.

2022-жылы Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык биринчи Элдик Курултай ѳткѳрүлдү, ал жүрѳк ооруткан ар түрдүү кѳйгѳйлѳрдү жана ѳлкѳбүздүн алдында турган милдеттерди чечүү боюнча бардык аймактардан келишкен жергиликтүү жамааттын ѳкүлдѳрүнүн, ошондой эле тармактык топтордун ой-пикирлерин жана сунуштарын билдирген маанилүү аянтчага айланды. Курултайда кѳп жылдык кризистин себептери менен бирге, коомду руханий-ахлактык ѳнүктүрүү, жарандык билим берүү жана маданият жаатындагы кѳйгѳйлѳр да аталды. 

2022-жылдын сентябрь айында ѳлкѳбүздүн аймактарында Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин колдоосунда БШКнын, маданият жана санариптик ѳнүктүрүү министрликтеринин күч-аракеттери менен биргеликте социалдык маанилүү долбоор болгон «Жарандык жана санариптик билим берүү борбору» иштей баштады.

Мамлекет тарабынан бардык аймактарда жайылтылган, компьютерлер менен жабдылган 70 борбордун базасында ыңгайлуу шарттарды түзүү долбоорду жүзѳгѳ ашыруунун модели болду, ал эми долбоордун кызыкдар ѳнѳктѳштѳрү жарандык жана санариптик билим берүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү жана билим берүү иштери үчүн бардык мүмкүнчүлүктѳрүн жана күч-аракеттерин бириктире алды.  Жаңы жылда алыскы райондордо жана айылдарда жаңы борборлорду ачуу аркылуу долбоор акырындап жайылтылмакчы.

Кийинки шайлоо цикли 2025-жылы жергиликтүү шайлоолор менен башталарын эске алуу менен, БШК ѳнѳктѳштѳр менен биргеликте алдыдагы жылдарда жарандарга шайлоо укуктарын жана процесстерин, адам укугун, демократияны жана эл бийлигин,   акниет башкарууга жана ѳлкѳнүн туруктуу ѳнүгүшүнѳ таасир берүүчү коомдогу маанилүү коомдук-саясий процесс катары шайлоолор, шайлоо институттары аркылуу мамлекетти жана коомду башкарууга эркин жана реалдуу түрдѳ жетүүнү түшүндүрүүгѳ жана маалымдоого ѳзгѳчѳ кѳңүл бурмакчы.

Долбоор жарандык жана санариптик тематиканын кеңери спектри боюнча иштерге багытталган жана калктын бардык курактык топтору эске алынган.

 

Урматтуу мекендештер!

 

Жаңы 2023-жыл кайратман элибиз жана эгемен мамлекетибиз үчүн тынчтыктын, элдердин биримдигинин, сүйүктүү ѳлкѳбүздүн гүлдѳп ѳсүүсүнүн жылы болсун!

Сиздерге жана үй-бүлѳңүздѳргѳ чың ден-соолук, кесиптик жана жекемүдѳѳңүздѳрдүн ишке ашышын, бакубат турмуш жана бак-таалай каалайбыз!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы