9- октябрь – Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү
09 октября 2022
Бүгүн – 2022-жылы 9-октябрда Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү.
Эртең менен саат 8:00дө 5 шайлоо участогу ачылды.
Бардыгы 21 депутат шайланыш керек, 44 талапкер (анын ичинде 11и аял талапкер) мандат үчүн ат салышууда.
Талапкерлер жана партиялар жөнүндө маалыматтар менен шайлоочу тиешелүү плакаттар жайгаштырылган өз шайлоо участогунда, ошондой эле БШКнын «Талапкер» (https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/kenesh_gor) онлайн ресурсунан таанышса болот.
Шайлоочулардын жалпы саны 8120ди түздү.
Добуш берүү саат 20:00гө чейин өтөт. Добуш берүү үчүн шайлоочу катталган шайлоо участогуна өзү келүүгө тийиш.
Шайлоочу өзүнүн шайлоо участогун төмөнкүчө билсе болот:
- 1255 же 119 кыска номурларына телефон чалып,
- «tizme.gov.kg» сайтынан,
- Же өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).
БШК жарандарды добуш берүүгө катышууга жана жергиликтүү кеңешке өз өкүлдөрүн шайлоого, шайлоодо жарандык позициясын көрсөтүүгө чакырат.
Маалымат үчүн:
Жергиликтүү кеңештер – ыйгарым укуктары тиешелүү аймакка таркатылган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары.
Жергиликтүү кеңештер 4 жыл мөөнөткө шайланат жана жергиликтүү маанидеги төмөнкүдөй маселелерге жооп берет:
· аймактын экономикалык өнүгүшү;
· муниципалдык менчикти башкаруу;
· калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана канализациянын ишин камсыз кылуу;
· жолдордун иштешин жана жарык берүүнү камсыз кылуу;
· көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, коомдук транспорттун иштешин камсыз кылуу жана жөнгө салуу;
· турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып чыгарууну жана утилдештирүүнү уюштуруу, жарнамаларды мыйзамдарда белгиленген тартипте жайгаштыруу;
· курулаштарды жөнгө салуу жана жерди пайдалануу;
· коомдук тартипти сактоо жана бош убакытты уюштуруу үчүн шарттарды түзүү, жергиликтүү маанидеги башка маселелер.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарына добуш берүү менен Сиз жакын арадагы 4 жылда Сиз жашаган айылда жашоо-турмуш кандай уюштурула тургандыгын тандайсыз!
Сиздин тандоо – биздин жалпы келечегибиз!
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү





