КР БШКнын өкүлдөрү «Демократиялык шайлоонун стандарттары жөнүндө КМШ Конвенциясы: эл аралык кызматташтык үчүн ачык мейкиндик» аттуу эл аралык конференцияга катышты
07 октября 2022
КР БШКнын өкүлдөрү Санкт-Петербургда (РФ) өткөн «Демократиялык шайлоонун стандарттары жөнүндө КМШ Конвенциясы: эл аралык кызматташтык үчүн ачык мейкиндик» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.
Иш-чара Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттерде Демократиялык шайлоонун, шайлоо укуктарынынжана эркиндиктеринин стандарттары жөнүндө конвенцияга кол коюлгандыгынын 20 жылдыгына карата өткөрүлүүдө.
Конференцияга КМШга катышканмамлекеттердин ПААсынын парламентарийлери, Армения, Беларусь, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Сербия, Египет, Бангладеш, БАРдын БШК башчылары; эл аралык уюмдардын – КМШ АК, ШКУ, Парламенттер аралык бирлик, Борбордук Америка парламенти, ЖККУ ПА, ЕККУ ПА, Беларусь жана Россия Парламенттик бирлиги, Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясы жана Парламенттик ассамблеянын жана Кара Деңиз Экономикалык Кызматташтыгынын өкүлдөрү; ошондой эле жогорку окуу жайларынын жетекчилери жана профессорлор-окутуучулар курамы, окумуштуулар жана адистер катышууда.
Конференциянын алкагында “Демократиялык шайлоонун стандарттары”, “Жаштар тандайт”, “Шайлоолорду уюштуруудагы мыкты тажрыйба”, “Шайлоого байкоо жүргүзүү” аттуу тегерек столдор өткөрүлдү.
КР БШК төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров “Шайлоонун эркиндиги, аныктыгыжана айкындуулугу үчүн шайлоо технологиялары” аттуу баяндамасында Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан технологиялык жаңы тариздертууралуу айтып берди. Өлкөдө шайлоочулардын тизмелерин түзүү процесстери толук автоматташтырылган, биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен шайлоочуларды идентификациялоо киргизилген, бул «кош добуш берүүнү» болтурбоого мүмкүндүк берет. Шайлоо участоктору маалыматты автоматтык түрдө эсептөөчү урналар менен жабдылган. «Бул добуш берүү аяктагандан кийин биринчи саатта эле 90% жыйынтык чыгарууга мүмкүндүк берет», - деп белгиледи Т. Шайназаров. Шайлоочулардын даттанууларынын реестри да автоматташтырылган – берилген сын-пикирлер жана алар боюнча көрүлгөн чаралар бардык аамдардын көз алдында.
Т. Шайназаровдун айтымында, талапкерлер, алардын программалары жана шайлоо фонддорундагы акча каражаттарынын агымы тууралуу маалыматтарды чагылдырган «Электрондук талапкер» маалымат сервиси шайлоо өнөктүгүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатууга кызмат кылууда.
КР БШК аппаратынын жетекчиси Мирбек Мамбеталиев пандемия шартында шайлоо өнөктүгүн өткөрүү тажрыйбасы жана катаал санитардык чектөөлөрдүн шартында демократиялык шайлоо стандарттарын сактоо боюнча кабыл алынган чечимдер менен тааныштырды.
Бүгүн – 7-октябрда пленардык жыйын болуп, ага КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова (видео байланыш аркылуу) катышты.
Ал өз сөзүндө ал шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү тармагында Шериктештиктин өлкөлөрү укуктук жөнгө салуу чараларын көрүү процессинде жетекчиликке алып жаткан БУУнун жана ЕККУнун документтери менен бирге Конвенция демократиялык шайлоо укугу жана процесси боюнча эл аралык укуктук документтердин тутумунда татыктуу орунду ээлей турганын белгиледи.
КМШ Конвенциясында бекитилген стандарттар жана ченемдер призмасы аркылуу шайлоо жөнүндө улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү Кыргыз Республикасынын практикасы болуп саналат.
Кыргыз Республикасы шайлоо мыйзамдарын жана шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү практикасын ырааттуу жана этап-этабы менен терең реформалоодо. «Бул процессте КМШ ПАА жана Демократияны, парламентаризмди жана Шериктештиктин жарандарынын шайлоо укуктарын сактоого байкоо жүргүзүү жана өнүктүрүү институту (БДӨИ) менен натыйжалуу өз ара аракеттешүү биз үчүн маанилүү жардам болгонун канааттануу менен белгилегим келет», - деп белгиледи ал. КМШ ПАА Институтунун, КМШнын жана башка уюмдардын байкоо жүргүзүү миссияларынын мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча комментарийлери жана сунуштары, КМШ ПАА, БДӨИ менен биргелешкен иш-чаралардын алкагындагы талкуулар маанилүү болуп, улуттук мыйзамдарды демократиялык эркин шайлоолорду өткөрүү стандарттарына ылайыккалыптандырууга жана реформалардын максаттарына жетишүүгө өбөлгө түздү.
КР БШК Төрагасы өз ара түшүнүшүү жана колдоонун негизинде кызматташуу улана берерине ишеним билдирди, ошондой эле Кыргызстан конференциянын алкагында айтылган КМШ өлкөлөрүнүн шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан да жогорку деңгээлде тереңдетүүнү кубаттай турганын белгиледи.
Кыргызстандагы шайлоо темасына Бүткүл дүйнөлүк шайлоо органдарынын ассоциациясынын (A-WEB) өкүлү Тержунг Рита Ли өз сөзүндө токтолду. Ал Кыргыз Республикасында жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу үчүн жарандык жана санариптик билим берүү борборлорун ачуунун маанилүүлүгүн белгиледи, бул тууралуу A-WEB журналында жарыяланган.
Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасынын орун басары Борис Чернышов куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасында шайлоолорду өткөрүүнүн оң тажрыйбасын белгиледи.
КМШ ПАА Башкы катчысы Дмитрий Кобицкий конференциянын алкагында өткөн «Шайлоо процессиндеги алдыңкы технологиялар» көргөзмөсүндө Кыргыз Республикасындагы шайлоодо колдонулган технологияларды көрсөткөнү үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.














