Кыргыз делегациясы Латвиянын парламентине шайлоого эл аралык байкоочу катары катышууда
01 октября 2022
Бүгүн – 2022-жылы 1-октябрда Латвияда 14-Сеймге кезектеги шайлоо өтүүдө, ага алдыдагы төрт жылга парламенттин 100 депутаты шайланат.
Парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынан парламент депутаттары Г.А.Кожокулова, М.А.Абдалиев жана БШК өкүлдөрү катышууда.
Сеймге шайлоо беш шайлоо округунда – Ригада, Видземде, Латгалде, Курземде жана Земгалде өтүүдө, Сеймге ар бир округдан белгилүү бир сандагы депутаттар шайланууга тийиш. Шайлоо округдарынан шайлануучу парламентарийлердин саны шайлоого чейин төрт ай мурда Жеке жактардын Реестринде катталган шайлоочулардын санына жараша Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
Латвиянын 18 жашка толгон жарандары Сеймге шайлоодо добуш берүү укугуна ээ.
14-Сеймге шайлоодо шайлоочуларды эсепке алуу үчүн шайлоо участокторунда шайлоочулардын электрондук онлайн-регистри пайдаланылат, ошондуктан эми мурдагыдай шайлоочунун паспортуна же өздүгүн күбөлөндүрүүчү ырастамага штамп мындан ары коюлбайт.
Бул шайлоочулардын электрондук онлайн-регистри 2021-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоодо ийгиликтүү пайдаланылган.
Реестрге Сеймге шайлоого катышууга укуктуу жана добуш берүү укугуна ээ бардык жарандар киргизилген. Шайлоо участогунда шайлоо комиссиясынын кызматкери онлайн-регистринде шайлоочунун добуш берүү укугун текшерет жана шайлоочу добуш бергенин белгилейт.
Ден соолугунун абалына байланыштуу шайлоо участогуна келе албаган шайлоочулар, ошондой эле андай шайлоочуларды баккан адамдар жана оорулууларды баккан адамдар өздөрү турган жер боюнча добуш берүүсү тууралуу арыз бере алышат.
Чет өлкөлөрдө жашаган шайлоочулар почта аркылуу добуш бере алышат.
Өз кезегинде добуш берүү күнү 21 жашка толгон Латвиянын жарандары депутаттыкка талапкер болушу мүмкүн.
Мыйзамда белгиленген тартипте катталган партиялар же партиялардын бирикмелери Сеймге шайлоодо талапкерлердин тизмелерин бере алышат.
Талапкерлеринин тизмелери шайлоого катталган ар бир партия же партиялардын бирикмеси Сеймге шайлануу үчүн шайлоодо берилген добуштардын жалпы санынын 5 пайызынан кем эмесин алууга тийиш.
Сеймге шайлоо жөнүндө Мыйзамда белгиленген кандайдыр бир чектөө таркатылбаса, добуш берүү күнү 21 жашка толгон Латвиянын ар бир жараны депутаттыкка талапкер болушу мүмкүн.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү















