БШК Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
30 сентября 2022
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 30-сентябрында өткөн жыйналышында Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Багышов Элдияр Абдырахманович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-«Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Казиев Токтосун Сатыбалдиевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Токтом Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Э.А. Багышовдун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
