КР БШК Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдалган шайлоо бюллетендерин жөнөттү
28 сентября 2022
2022-жылы 28-сентябрда “Учкун” ААК имаратында 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого өткөрүү үчүн даярдалган шайлоо бюллетендерин алуу-өткөрүү актысына кол коюлду.
Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 8127 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, 5 бюллетень Брайль тамгасы менен даярдалды. Баары кыргыз тилинде даярдалды.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мажоритардык тутум боюнча шайлоодо бир шайлоо бюллетени даярдалат, анда талапкерлердин фамилиялары, аты-жөндөрү кошумча көрсөтүлөт, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорциялуу тутум боюнча шайлоодо шайлоо бюллетенинде саясий партиялардын аталыштары чүчүкулак менен белгиленген кезекте кошумча көрсөтүлөт.
Курамында БШК мүчөлөрү, БШК аппаратынын кызматкерлери болгон жумушчу топ “Учкун” ААКта бюллетендерди басуу процессине тынымсыз (күнү-түнү) байкоо жүргүздү. “Учкун” ААКтын басып чыгаруу цехинде Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн басылган бюллетендерди тесттен өткөрүүчү жабдыктардын комплекти орнотулган. Кайтаруу УКМК жана ИИМ кызматкерлери тарабынан камсыздалды.
Шайлоо бюллетенинин жогорку даражадагы корголуусу бар, автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) ар бир бюллетенди тааный алуусу үчүн атайын корголуу боёгу менен боёлот.
Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендерди Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына акт боюнча өткөрүп берет.
Жараксыздарын алып салгандан кийин Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн басылган 7 килограмм бюллетень жок кылынды.
Маалымат үчүн: Басмакана жараксыздарын алып салгандан кийин шайлоо бюллетендерин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө акт боюнча өткөрүп берет. Шайлоо бюллетендерин КР БШКнын кеминде 3 мүчөсүнүн, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүп бергенден кийин жараксыз жана ашык шайлоо бюллетендери жок кылынат, бул жөнүндө акт түзүлөт, ага катышкан адамдардын бардыгынын колу коюлат.
Шайлоо бюллетендерин басмакананын, шайлоо комиссиясынын жайларынан алып чыгууга, ошондой эле Мыйзам талаптарын бузуу менен шайлоо бюллетендерин көчүрмөлөөгө жана таратууга тыюу салынат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
