Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

17 августа 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 17-августундагы жыйналышында Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдиева Айзада Чалайбековна, «Биримдик» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Табалдиева Эльмира Асанбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кожогелдиева Майрамбубу Жумакадыровна, Сыдыгалиева Тамара Рысбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

Токтом Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү А.Ч. Абдиеванын жана Э.А. Табалдиеванын Ю.К. Тиллабаевдин Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгуу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү