10-апрель – Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 3 шаарында жана 13 айылында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү
10 апреля 2022
Бүгүн – 2022-жылы 10-апрелде Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 3 шаарында жана 13 айылында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү.
Эртең менен саат 8:00дө Таш-Көмүр, Токтогул жана Кара-Балта шаарларында жана 13 айылда 84 шайлоо участогу ачылды.
Бардыгы 336 депутат шайланыш керек, 1318 талапкер мандат үчүн ат салышууда.
3 шаардык кеңештеги депутаттык мандаттардын жалпы саны 93тү түзөт, 13 партиядан 827 талапкер катталган.
13 айылдык кеңештеги депутаттык мандаттардын жалпы саны 243тү түзөт, анын ичинде округдарда аялдар үчүн 96 мандат резервде калтырылган.
13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 491 талапкер анын ичинде 160ы аял талапкер.
Талапкерлер жана партиялар жөнүндө маалыматтар менен шайлоочу тиешелүү плакаттар жайгаштырылган өз шайлоо участогунда, ошондой эле БШКнын «Талапкер» (https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/kenesh_gor) онлайн ресурсунан таанышса болот.
Шайлоочулардын алпы саны 157 958ди түздү.
Добуш берүү саат 20:00гө чейин өтөт. Добуш берүү үчүн шайлоочу катталган шайлоо участогуна өзү келүүгө тийиш.
Шайлоочу өзүнүн шайлоо участогун төмөнкүчө билсе болот:
- 1255 же 119 кыска номурларына телефон чалып,
- «tizme.gov.kg» сайтынан,
- Же өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).
БШК жарандарды добуш берүүгө катышууга жана жергиликтүү кеңешке өз өкүлдөрүн шайлоого, шайлоодо жарандык позициясын көрсөтүүгө чакырат.
Маалымат үчүн:
Жергиликтүү кеңештер – ыйгарым укуктары тиешелүү аймакка таркатылган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары.
Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңештердин төмөнкү эки түрү бар:
1. Айылдык кеңеш – айыл аймагындагы өкүлчүлүктүү орган;
2. Шаардык кеңеш – шаар аймагындагы өкүлчүлүктүү орган.
Жергиликтүү кеңештер 4 жыл мөөнөткө шайланат жана жергиликтүү маанидеги төмөнкүдөй маселелерге жооп берет:
аймактын экономикалык өнүгүшү;
муниципалдык менчикти башкаруу;
калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана канализациянын ишин камсыз кылуу;
жолдордун иштешин жана жарык берүүнү камсыз кылуу;
көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, коомдук транспорттун иштешин камсыз кылуу жана жөнгө салуу;
турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып чыгарууну жана утилдештирүүнү уюштуруу, жарнамаларды мыйзамдарда белгиленген тартипте жайгаштыруу;
курулаштарды жөнгө салуу жана жерди пайдалануу;
коомдук тартипти сактоо жана бош убакытты уюштуруу үчүн шарттарды түзүү, жергиликтүү маанидеги башка маселелер.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарына добуш берүү менен Сиз жакын арадагы 4 жылда Сиз жашаган шаарда, айылда жашоо-турмуш кандай уюштурула тургандыгын тандайсыз!
Сиздин тандоо – биздин жалпы келечегибиз!
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
